Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты
Президент Садыр Жапаров кечээ, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты. Дебаттар башталганга чейин БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин Мамлекет башчысын тосуп алуу аземи болуп өттү.
Дебаттар ачылышына дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда. БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясы “Ишенимди калыбына келтирүү, өзгөрүүлөрдү башкаруу: ар бир адамдын жыргалчылыгы үчүн иштеген Бириккен Улуттар Уюму” деген ураандын алдында ачылды.