Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдан тышкы карыз боюнча жеңилдик берүүнү дагы бир жолу сурады. Ал Кыргыз өлкөсүндөгү Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Буга чейин да кыргыз тарап коңшу өлкөдөн карыз төлөө мөөнөтүн узартып берүүнү өтүнүп жаткан. Министр кыргыз өкмөтү кытай компанияларынын жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча керектүү чараларды көрөрүнө да ишендирди.
Депутат Масалиев президенттин «ууру» дегенине жооп берди
Депутат Исхак Масалиев президент Садыр Жапаровдун аны "ууру" дегенине карата жообун соцтармактагы баракчасына жарыялады. "42 жыл мамлекеттик кызматта иштесем, мени...