Abank
SerepTV Logo

Нарында минип кеткен аты келип, өзү дайынсыз болуп жаткан кишинин жансыз денеси табылды

Нарында минип кеткен аты келип, өзү дайынсыз болуп жаткан кишинин жансыз денеси табылды
ӨКМ 29-июнда маалымат таратып, Нарында мал издеп кетип, үйүнө кайтып келбеген жаран изделип жатканын билдирген. Ал адамдын аты үйүнө келип, өзү табылбай жаткандыгы тууралуу маалыматты кошунасы билдирген. Бүгүн, 1-июлда ӨКМден жарандын жансыз денеси табылганын билдиришти. "Жаңы-Жер жайлоосунун Беш-Мойнок тилкесинен 1972-жылы туулган эркек киши ат минип кетип, аты келип өзү дайынсыз жоголгон. 30-июнь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Ат-Башы райондук №45 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, Таш-Тумшук тилкесиндеги суунун жээгинен сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген",- деп айтылат маалыматта.