Royal
SerepTV Logo

Көп кабаттуу үйдөн боюмду таштайм деген мас абалындагы кыз кармалды

Көп кабаттуу үйдөн боюмду таштайм деген мас абалындагы кыз кармалды
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн боюн таштайм деп ызы-чуу салган кыз кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты. "23-июнь күнү саат 07:32де Бишкек шаарынын Шевченко көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 3-кабатынан белгисиз кыз боюн таштоого аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келген. Ыкчам-иликтөө тобу аталган дарекке барганда таңкы саат 01:30да батирде жашаган кыз мас абалында ызы-чуу салган. Аны уккан кошуналары милиция кызматкерлерин чакырган. Батирде чыр салган кыз менен 1992-жылы туулган жигит тергөө жайына алынып келген. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.