Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирди Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.
Шектүү 2019-жылдын май айынын аягында таанышынын Тойота Пассо унаасын ижарага алган. Ээсинин айтымында, 2004-жылы чыгарылган унаа 248 миң 129 сомго бааланат.
Шектүү ошол бойдон ижарага алган унааны ээсине кайтарып берген эмес. Аны сатып, акчасын өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланган.
2020-жылдын январь айында жабырлануучу милиция кызматкерлерине кайрылып, Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен тергөө иштери башталган.
Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1971-жылы туулган Н.Б. кармалып, убактылуу камакка алынды. Сотко чейинки териштирүү иштери уланып жатат.