Royal
SerepTV Logo

Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты

Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты
Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине министрдин жактоочусу билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 16-июнда Бишкек шаардык сотунда жактоочунун бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранган арызы каралды. Министр 2-июлга чейин үй камагында болот. Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага 7 кылмыш иши козголгон. 4-июнда ал кызматынан убактылуу четтетилген. Ошол эле күнү Октябрь райондук сотунда министрдин бөгөт чарасы каралып, 1 айга камакта калтырылган.