Abank_june
SerepTV Logo

Мээ кайнаткан ысыктан миңдеген өлүм! Кыргызстанга кандай күн келе жатат?

Мээ кайнаткан ысыктан миңдеген өлүм! Кыргызстанга кандай күн келе жатат?

Аба ырайы соңку кезде бир топ “сюрприздерди” тартуулап жатат. Европада мээ кайнаткан ысыктан каза болгондордун саны он миң кишиден ашканы маалымдалса, Кытайда суу ташкынынан адамдар каза болуп, атүгүл, фермадан уулуу жыландарды сел агызып кеткен видеолор талкууга түштү. Дагы бир коңшу өлкө Тажикстанда катуу сел жүрүп, ал эми Өзбекстанда аномалдуу ысык болуп жатат. Кыргызстандачы? Быйыл сел көп катталдыбы? Жакынкы эки ай ичинде аба ырайы кандай болжолдонуп жатат? Бир катар суроолор менен синоптикке кайрылдык. 

  • Соңку айды (июнь) эске алуу менен өлкөдө аба ырайынын кандай негизги тенденция байкалды? Адаттан тыш (аномалдык) көрүнүш болдубу? Азыркы аба ырайы климаттык нормадан айырмаланабы?
  • 2026-жылдын июнь айында Кыргызстандын аймагында туруктуу жылуу аба ырайы сакталды. Ай ичинде муздак аба массаларынын активдүү кирип келиши байкалган жок, ошондуктан абанын температурасынын кескин өзгөрүүлөрү катталган жок.
    Мисалы, Бишкек шаарында ай ичинде абанын эң жогорку температурасы 30-36 °С чегинде өзгөрүп турду. Эң ысык күн 29-июнь болуп, абанын температурасы 38 °Сге чейин жетти. Ал эми эң салкын күн 5-июнь болуп, ошол күнү абанын эң жогорку температурасы 26 °С болду.
    Көп жылдык байкоолордун маалыматтарына ылайык, Бишкек шаарында июнь айындагы абанын абсолюттук эң жогорку температурасы 2005-жылдын 23-июнунда катталып, 40,9 °С түзгөн. Ал эми абсолюттук эң төмөнкү температура 1924-жылдын 2-июнунда катталып, 1,1 °С болгон. Демек, быйыл июнь айында аба ырайы ысык болгонуна карабастан, температуранын рекорддук көрсөткүчтөрү катталган жок.
    Өлкөнүн көпчүлүк метеорологиялык станцияларында абанын орточо айлык температурасы климаттык нормадан орто эсеп менен 1,5-2,5 °С жогору болду. Мисалы, Бишкек шаарында орточо айлык температура 25,9 °С болуп, бул климаттык нормадан 2,8 °С жогору. Бул июнь айында жылуу аба ырайынын басымдуулук кылганын көрсөтөт.
    Өлкө боюнча жаан-чачындын бөлүштүрүлүшү бир калыпта болгон жок. Чүй өрөөнүндө жаан-чачындын тартыштыгы байкалып, айрым метеостанцияларда айлык климаттык норманын болгону 12-58 % гана жаады. Ошол эле учурда Ысык-Көл облусунда, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын климаттык нормадан кыйла көп болуп, 134-227 % түздү. Бир сутка ичинде эң көп жаан-чачын Түп районунда катталып, 39,6 мм түздү, ал эми Каракол шаарында 33 мм жаан жаады.
    Ай ичинде жылуу мезгилге мүнөздүү конвективдүү процесстердин өнүгүшүнө байланыштуу катуу шамалдын учурлары да байкалды. 1-июнда Кара-Буура районунда шамалдын ылдамдыгынын эң жогорку көрсөткүчү 30 м/с жетсе, 16-июнда Кочкор районунда 28 м/с болду. Бишкек шаарында болсо 10-июнда жана 27-июнда шамалдын ылдамдыгы 24 метрге чейин жетти.

 

  • Быйыл өлкөдө сел башка жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк катталып жатканы айтылды. Ошондойбу? Себеби эмнеден улам болуп жатат?
    Ооба, быйыл өлкөдө сел окуяларынын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу көбөйгөнү байкалууда.
    Мунун негизги себептери төмөнкүлөр:
    Нөшөрлүү жаан-чачындын көбөйүшү. Тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда кыска убакытта катуу жааган жамгыр кургак сайларга суу топтоп, селди пайда кылат. 
    Климаттын өзгөрүшү. Адистердин айтымында, абанын ысышы, мөңгүлөрдүн эриши жана экстремалдуу жаан-чачындардын көбөйүшү селдин кайталануу ыктымалдыгын жогорулатууда. 
    Тоолуу рельеф жана геологиялык өзгөчөлүктөр. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, катуу жаандан кийин суу тез агып түшүп, таш, кум жана ылайды кошо агызып кетет. 
    Адам фактору. Айрым жерлерде арык-каналдардын таштандыга толушу, дарыя жээктеринин туура эмес пайдаланылышы жана курулуштардын көбөйүшү селдин кесепеттерин күчөтөт. 
    Ошондуктан быйыл селдин көбөйүшү бир эле себептен эмес, климаттык өзгөрүүлөр, нөшөрлүү жаандардын көбөйүшү жана жергиликтүү инфраструктуралык көйгөйлөрдүн айкалышынан улам болуп жатат. Адистер мындай көрүнүш келечекте да тез-тез кайталанышы мүмкүн экенин белгилеп, алдын алуу чараларын күчөтүүнү сунушташууда.
  •  
  • Бир ай мурда БУУ тарабынан Борбордук Азиядагы өлкөлөрдө катуу жаан күтүлүп жатканы, аймак үчүн мындай "сюрпризди" Эль-Ниньо феномени даярдап жатканы сөз болгон. Ушул тууралуу токтоло кетесизби?
  • Чындыгында эле эл аралык уюмдар, анын ичинде Дүйнөлүк метеорологиялык уюм, 2026-жылы Эль-Ниньо кубулушунун калыптануу ыктымалдыгын белгилеп, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында, анын ичинде Борбордук Азияда абанын температурасы менен жаан-чачындын режиминин өзгөрүшү мүмкүн экендиги тууралуу маалымдашкан. Бирок мындай божомолдор глобалдык климаттык тенденцияларды гана чагылдырып, конкреттүү өлкө же аймак үчүн аба ырайынын болжолу болуп эсептелбей турганын түшүнүү маанилүү.
    Эль-Ниньо Кыргызстандын аба ырайына түздөн-түз таасир этпейт. Анын таасири атмосферанын жалпы циркуляциясынын өзгөрүшү аркылуу кыйыр түрдө гана байкалат. Ошол эле учурда өлкөбүздөгү аба ырайы негизинен аймактык синоптикалык процесстерге жана татаал тоолуу рельефке көз каранды болгондуктан, Эль-Ниньонун таасири ар кандай деңгээлде көрүнүшү мүмкүн жана дайыма эле бирдей болбойт.
    Борбордук Азия боюнча жаан-чачындын көбөйүү ыктымалдыгы болжолдонсо да, бул жаан-чачын бардык аймактарда бирдей жана узак убакытка созулат дегенди билдирбейт. Алар жергиликтүү мүнөздө болушу мүмкүн жана алардын көлөмү менен таралышы өлкөнүн аймагында олуттуу айырмаланышы ыктымал.       
    Ушундан улам Кыргызгидромет эл аралык божомолдорду Кыргызстан үчүн түздөн-түз аба ырайынын болжолу катары колдонбойт. Алар улуттук байкоо тармагынын маалыматтары жана заманбап сандык моделдердин жыйынтыктары менен бирге комплекстүү түрдө талданып, өзүнүн расмий болжолдорун даярдоодо пайдаланылат.
    Мындан тышкары, Кыргызгидромет бир нече айга алдын ала жаан-чачын боюнча сезондук божомолдорду түзбөйт, анткени алардын Кыргызстандын аймагы үчүн алдын ала тактыгы азырынча жетиштүү деңгээлде эмес. Күтүлүп жаткан шарттарды баалоо үчүн ай сайын алдыдагы айга абанын орточо температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн аномалиялары боюнча божомолдор чыгарылат. Ал эми кооптуу гидрометеорологиялык кубулуштардын жаралуу коркунучу пайда болгондо, расмий болжолдор жана шашылыш эскертүүлөр өз убагында жарыяланат.
  •  
  • Катуу шамалдын катталып жатышы боюнча быйыл нормага ылайык эле болуп жатабы же көп катталуудабы? Эмне үчүн акыркы кезде чаң сапырган шамал көп болуп жатат? Мунун аймактагы климаттык процесстерге байланышы барбы?
  • Мисал катары Бишкек метеостанциясынын 2007-жылдан берки июнь айындагы байкоолорун карайлы. Байкоолордун маалыматтарына ылайык, 2026-жылдын июнь айында катуу шамалдын 18 учуру катталган. Бул көрсөткүч мурунку жылдардын көпчүлүгүнө салыштырмалуу жогору болгону менен, каралып жаткан мезгил ичиндеги рекорддук көрсөткүч болуп саналбайт. Маселен, 2021-жылы 17 учур, 2019-жылы 12 учур, 2023-жылы 10 учур, ал эми 2008, 2017 жана 2022-жылдары ар биринде 9 учур катталган.
    Ошондуктан, быйыл катуу шамал аномалдуу көрүнүшкө айланды деп айтууга негиз жок. Анын кайталануусу көп жылдык табигый өзгөрмөлүүлүктүн чегинде калууда.

2026-жылдын июнь айында шамалдын эң жогорку ылдамдыгы 24 метрге жетти. Салыштыруу үчүн айтсак, айрым жылдары шамалдын эң жогорку ылдамдыгы мындан да күчтүү болуп, 25–27 метрге чейин жеткен (2011 жана 2015-жылдары). Демек, шамалдын күчү боюнча да быйылкы июнь айы рекорддук көрсөткүч болгон жок.

Акыркы учурда шамалдын көбүрөөк байкалышы бир нече факторлордун айкалышы менен түшүндүрүлөт. Алардын негизгилери катуу шамал, узакка созулган кургак аба ырайы, жаан-чачындын жетишсиздиги, топурактын үстүңкү катмарынын кургап кетиши жана ачык топурактуу аянттардын болушу. Мындай шарттарда өзгөчө күчтүү болбогон шамал да абага көп өлчөмдө чаң көтөрө алат.
Климаттын өзгөрүшү шамалдын ыңгайлуу шарттардын көбүрөөк жаралышына кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн. Абанын температурасынын жогорулашы жана ысык, кургак мезгилдердин узарышы топурактын тезирээк кургап кетишине алып келет. Бирок ар бир конкреттүү шамал климаттын өзгөрүшү менен гана түшүндүрүүгө болбойт. Анын пайда болушу биринчи кезекте учурдагы синоптикалык кырдаалга, топурактын абалына, өсүмдүк катмарына жана жер бетинин өзгөчөлүктөрүнө көз каранды.

Акыркы эки айда байкап калгандардын айтымында, аба ырайынын болжолу менен Бишкекке жаай турган жаан жаабай эле өтүп кетип жатат. Бул канчалык чындыкка жакын?

Мындай учурлар чындыгында мүмкүн, айрыкча жылуу мезгилде. Жай мезгилинде Кыргызстанда негизинен конвективдүү жаан-чачындар басымдуулук кылат. Алар өтө жергиликтүү мүнөзгө ээ болгондуктан, жаан шаардын айрым бөлүктөрүндө гана жаап, башка аймактарында такыр жаабай калышы мүмкүн. Бишкек сыяктуу чоң шаарларда бир райондо нөшөрлөп жаан жаап жаткан учурда, башка райондо бир нече тамчы гана жаашы же такыр жаан-чачын болбошу көп кездешет.
Мындан тышкары, абанын температурасы өтө жогору жана нымдуулугу төмөн болгон шартта жаан-чачындын бир бөлүгү жер бетине жетпей эле бууланып кетиши мүмкүн. Мындай көрүнүш «вирга» деп аталат жана көбүнчө жай мезгилинде байкалат. Бул учурда жаан булуттары көрүнүп турганы менен, жаан жерге жетпейт.
Ошондой эле конвективдүү жаан-чачынды болжолдоо эң татаал болгон кубулуштардын бири экенин эске алуу зарыл. Булуттар кыска убакыттын ичинде тез пайда болуп, ошондой эле тез тарашы же башка жакка жылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан заманбап сандык моделдер да жаандын так кайсы жерде жана кайсы убакта жаай турганын ар дайым жогорку тактык менен аныктай албайт. Ушундан улам аба ырайынын болжолдорунда көп учурда «айрым жерлерде кыска мөөнөттүү жаан жаайт» деген сөз айкашы колдонулат. Бул жаан-чачын өлкөнүн бардык аймагында эмес, айрым жерлерде гана күтүлөрүн билдирет.
Кыргызгидромет байкоо маалыматтары жана болжолдоо моделдеринин жаңы жыйынтыктары түшкөн сайын аба ырайынын болжолдорун үзгүлтүксүз тактап турат. Ошондуктан жылуу мезгилде, айрыкча конвективдүү булуттуулук күчөп, күн күркүрөө коркунучу жаралган учурда, аба ырайынын жаңыланган болжолдорун дайыма көзөмөлдөп туруу сунушталат.

Жакынкы убакыт ичинде экстремалдуу аба ырайы күтүлөбү?

  • Кыргызгидромет күн сайын жакынкы 7 күнгө аба ырайынын болжолдоолорунун бюллетенин, ошондой эле 8-9-күндөргө консультациялык болжолдоолорду чыгарат. Болжол байкоолордун жаңы маалыматтары жана заманбап болжолдоо моделдеринин эсептөөлөрүнүн жыйынтыктарынын негизинде күн сайын такталып турат.
    Кооптуу гидрометеорологиялык кубулуштардын жаралуу коркунучу пайда болгон учурда Кыргызгидромет алдын ала шашылыш эскертүүлөрдү чыгарат. Күтүлүп жаткан кубулуштун түрүнө жараша алардын алдын ала берилүү мөөнөтү, эреже катары, 1ден 3 суткага чейин болот. Бул мамлекеттик органдарга, өзгөчө кырдаалдар кызматтарына жана калкка зарыл болгон алдын алуу чараларын өз убагында көрүүгө мүмкүндүк берет.
    Кыргызгидромет жарандарга жана бардык тараптарга расмий аба ырайынын болжолдоолорун жана шашылыш эскертүүлөрдү үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турууну сунуштайт. Анткени дал ушул маалыматтар күтүлүп жаткан кооптуу гидрометеорологиялык кубулуштар тууралуу эң актуалдуу маалыматтарды камтыйт.
  •  
  • Жакынкы эки ай ичинде аба ырайы кандай болот? Ысык болобу же нормага ылайыкпы?
  • Ай сайын абанын орточо температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн аномалиясы боюнча алдыдагы айга карата божомол чыгарылат. Белгилей кетүү керек, бул божомол климаттык нормадан мүмкүн болгон четтөөлөрдүн эң ыктымалдуу багыттарын гана чагылдырат жана конкреттүү кооптуу аба-ырайы кубулуштарын же алардын так кайсы күнү болорун аныктоого багытталган эмес.
  •  
  • Жазында Иран БАЭдеги HAARP (же ошол сыяктуу) аба ырайын көзөмөлдөгөн климаттык уюмду жардырган. Мындан улам Иранда жана ушул чөлкөмдө жаан адаттагыдан көп жаап, бул буга чейинки (болжолу акыркы 20 жыл) кургакчылыкты токтотту деп жатышат. Бул мифпи же чындыкпы?
  • Кыргызгидромет башка мамлекеттердин аймагында болгон окуяларга байланыштуу мындай билдирүүлөрдү баалоого же жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берген маалыматтарга ээ эмес.
    Жаан-чачындын калыптанышы атмосфералык процесстердин татаал өз ара аракеттенүүсүнүн, аба массаларынын циркуляциясынын, жер бетинин рельефинин, абанын температурасы менен нымдуулугунун, ошондой эле башка табигый факторлордун натыйжасы болуп саналат. Аномалдуу аба-ырайы кубулуштарынын себептерин баалоо үчүн көп жылдык метеорологиялык байкоолордун комплекстүү анализи жана атайын илимий изилдөөлөр талап кылынат.
    Ирандагы кырдаал тууралуу айтсак, ал өлкөнүн улуттук гидрометеорологиялык кызматынын расмий маалыматтары жана илимий талдоолордун жыйынтыктары жок болгон шартта мындай билдирүүлөрдү тастыктоо же четке кагуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Кыргызгидромет алардын ишенимдүүлүгүнө комментарий бере албайт. 
  •  
  • Жаанчыл болгондо алдыда катуу ысыйт деп күтөбүз. Ошондой компенсацияны бул жолу күтсөк болобу?
  • Жаан-чачын көп жааган мезгилден кийин сөзсүз түрдө катуу ысык аба ырайы келет деген түз мыйзам ченемдүүлүк жок. Аба ырайынын процесстери атмосферанын жалпы циркуляциясынын өзгөчөлүктөрүнө, аба массаларынын жылышына жана башка метеорологиялык факторлорго көз каранды болгондуктан, жаан-чачындын көлөмү өз алдынча кийинки күндөрдөгү же жумалардагы температуранын жүрүшүн аныктабайт.
    Ошондуктан акыркы убакта жаан-чачын көп жаагандыгы үчүн гана күчтүү ысык күтүлөт деп айтуу туура эмес. Температуранын жогорулаш ыктымалдыгын баалоо учурдагы аба-ырайынын болжолдорунун жана атмосфералык процесстердин өнүгүшүнө жасалган анализдин негизинде гана аныкталат.
  •  
  • Жаандын адаттагыдан көп жаашы Кыргызстандын аймагына (анын ичинде айыл-чарба тармагына) кандай оң жана терс таасир берет?
  • Жаан-чачындын таасири анын интенсивдүүлүгүнө, узактыгына, жааган убактысына жана аймак боюнча бөлүштүрүлүшүнө жараша болот.
    Бир жагынан, жетиштүү көлөмдөгү жаан-чачын өлкө үчүн пайдалуу таасир берет. Ал эми экинчи жагынан, ашыкча же өтө күчтүү жаан-чачындар олуттуу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда мындай жаан-чачындар сел агымдарын, суу ташкындарын жана башка кооптуу гидрометеорологиялык кубулуштарды жаратышы ыктымал. Бул көрүнүштөр калкка, автомобиль жолдоруна, көпүрөлөргө, электр берүү линияларына жана башка инфраструктура объекттерине коркунуч туудурат.
    Ошондуктан эң жагымдуу шарт  жаан-чачындын мезгил ичинде бир калыпта түшүп, өсүмдүктөрдүн муктаждыгына шайкеш келиши. Дал ушул жаан-чачындын бир калыпта эмес бөлүштүрүлүшү жана кыска убакытта катуу нөшөрлөрдүн пайда болушу калк үчүн да, экономика үчүн да эң чоң тобокелдиктерди жаратат.