Шейшемби, 01.07.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС

Маданият министри Курал Чокоевдин долбоору үчүн элден кечирим сурады

16:19 10.01.2021
0
Маданият министри Курал Чокоевдин долбоору үчүн элден кечирим сурады
 Буга чейин ырчы Курал Чокоевдин жаңы долбоор баштап, ал үчүн коомчулуктун сынына кабылганын жазганбыз.  Долбоорду социалдык тармактардын айрым колдонуучулары сындап нааразычылыгын билдирип, алтургай Маданият, маалымат жана туризм министринин буга карата чара көрүүсүн талап кылышкан. Бул боюнча министр Нуржигит Кадырбеков төмөндөгүдөй билдирүү таратты:

 «Урматуу мекендештерим, тиги эки жигиттин маегинин айрым үзүндүлөрүн аргасыз көрдүм. Айткан кептерин айла жоктон уктум. Көзүм жана кулагым үчүн Жараткандан, «маданият кызматкери” деген атты жамынып, адамга жарашпас жорук-жосун көрсөткөн ырчы мырзалар үчүн элимден кечирим сурайм. Бул экөө неге мынчалыкка барганына такыр түшүнө албай турам? «Атың чыкпаса — жер өрттө” дейин десем, экөө тең мыкты өнөрү менен канчалаган адамдардын сый-урматына татып, узун элдин учуна таанылып калышкан.

 Эгер булар бизге караштуу мекемелерде, айталык, Филармонияда, театрларда же окуу жайларда иштегенде заматта коштошмокпуз. Сөзүбүз кыска, чарабыз катаал болмок. Бирок, өз алдынча ырдап жүргөн эркин ырчыларга тикелей чара көрүү рычагы, тилекке каршы, мыйзамдарда жок экен. Деген менен, андайларды адепке чакыруунун жолун, аргасын, буюрса, табабыз.

Кептин кыскасы мындай:
1. Министрликке караштуу медиаборборлордун бардыгына бул эки ырчынын клиптерин, ырларын, сөздөрүн чыгарбоого көрсөтмө берилди. Бизге карабаган коомдук жана эркин маалымат каражаттарына да ушундай сунуш, багыттама жиберебиз, буюрса.
2. Театралдык-оюн зоок мекемелерине да бул ырчылардын концерттерине тыюу салуу көрсөтмөлөрү даярдалып жатат.
3. Эки жигиттин бири Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына ээ. Мамлекет башчысына мындай жогорку даражадан ажыратуу сунушун киргизүү жагын да карап жатабыз. Эгер айыбын билип, калкыбыздан кечирим сураса анда кеп башка.
4. Эгерде министрликтин ведомстволук сыйлыктарын алган болсо, атайын буйрук менен жокко чыгарабыз.

 Азырынча, көрөр чараларыбыз ушулар. Анан да, ырчылык менен алек болом дегендерге лицензия алууну милдеттендирген мыйзамдын же токтомдун долбоорун даярдабасак болбойт окшойт. Антпесек, микрофон кармап, ырчы-чоорчу катары таанылгандын ар биринин кеп жебес тентектиги үчүн министрликти айыптоо кадыресе көрүнүш болуп барат. Бирок, эки жигит айыбын танбай, камчысын мойнуна салып, эли-журтубуздан кечирим сурайт деп ишенем. Айкөл элибиз кечирет. Алтургай, өнөрү өссүн деп ак батасын берет. Эгер ушунча адамдын пикир капарга илбей, «өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем, ит үрө берет» дегендей текеберденсе, калың калктын назарынан калат.

 Сураныч, булар минтиптир деп видеонун шилтемесин тарката бербесеңиздер. Жакшы ой менен жаманды жайылтууга себеп болбойлу. Жаратканым, бул жигиттердин, дегеле баарыбыздын уят, намыс, акыл жана жоопкерчилик сезимдерибизди күчөт».

 Ал арада мамлекеттик «Кыргыз радиосу» жана менчик «Марал» радиосу Курал Чокоевдин чыгармаларын фонотекадан алып салышканын билдиришти.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Алтынай Тынышова

Алтынай Тынышова

Окшош

«Кызын турмушка узата албай калды». Ырыс Жоомартованы достору эскерди

«Кызын турмушка узата албай калды». Ырыс Жоомартованы достору эскерди

Автор Эдита Ильясова
15:08 23.06.2025
0

Ушул жылдын 28-февралында актриса, режиссёр Ырыс Жоомартова оорудан улам 60 жаш курагында акка моюн сунган. Маркумдун сахналаш достору аны эскеришти. “Ырыс ооруп жатканын...

«Сөөгүн жерге берер замат бороон башталды». Ырыс Жоомартованы достору эскерди

«Сөөгүн жерге берер замат бороон башталды». Ырыс Жоомартованы достору эскерди

Автор Эдита Ильясова
14:47 23.06.2025
0

Ушул жылдын 28-февралында актриса, режиссёр Ырыс Жоомартова оорудан улам 60 жаш курагында акка моюн сунган. Маркумдун сахналаш достору аны эскеришти....

Актан Арым Кубаттын тасмасы Шанхай эл аралык кинофестивалында «Эң мыкты тасма» сыйлыгын жеңип алды

Актан Арым Кубаттын тасмасы Шанхай эл аралык кинофестивалында «Эң мыкты тасма» сыйлыгын жеңип алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:39 22.06.2025
0

"Кара. Кызыл. Сары" көркөм тасмасы Шанхай эл аралык кинофестивалынан "Эң мыкты тасма" сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу "Спутник" жазды. Толук...

Актёр Азамат Уланов ата болду

Актёр Азамат Уланов ата болду

Автор Эдита Ильясова
09:08 18.06.2025
0

«Апамды издейм» тасмасы менен Кыргызстанга эле эмес, Казакстанга да таанылган актёр Азамат Уланов менен жубайы ата-эне статусуна ээ болушту. Актёр жубайы...

Кутман Айылчиев менен Океана Урматбек тушоо той өткөрүштү (видео)

Кутман Айылчиев менен Океана Урматбек тушоо той өткөрүштү (видео)

Автор Эдита Ильясова
12:02 16.06.2025
0

Актёр Кутман Айылчиев менен Океана Урматбек кызы Дариканын тушоосун кесип, той беришти. Кубанычтуу күндөгү көз ирмемдер менен жубайлар социалдык тармактагы...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Базар-Коргондо жүрөк үшүн алган окуя катталганы айтылууда. Милиция эмне дейт?

Базар-Коргондо жүрөк үшүн алган окуя катталганы айтылууда. Милиция эмне дейт?

10:43 30.06.2025
Орусияда 9 айлык бала жуунучу бөлмөдө чарчап калды. Апасы музыка угуп, идиш жууп жаткан

Орусияда 9 айлык бала жуунучу бөлмөдө чарчап калды. Апасы музыка угуп, идиш жууп жаткан

14:42 30.06.2025
Бишкек шаарынын вице-мэри кармалды

Бишкек шаарынын вице-мэри кармалды

11:45 30.06.2025
1-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:57 30.06.2025
Каракол шаарынын мэри ишке киришти (сүрөт)

Каракол шаарынын мэри ишке киришти (сүрөт)

17:23 30.06.2025
ӨКМ көл жээгинде балдар кароосуз калып жатканын эскертти

ӨКМ көл жээгинде балдар кароосуз калып жатканын эскертти

16:44 30.06.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү