Дүйнө жүзүндө акыркы бир аптанын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышынын рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 19-октябрдан 25-октябрга чейин дүйнөдө 2 миллион 884 миң 604 адам вирус жуктурса, 39 миң 712 адам коронавирустан каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу оору жуктурган учур — 16 пайызга, өлүмдүн көрсөткүчү — 8 пайызга жогорулаган.
Бишкекте Азербайжан маданият күндөрү өтөт
Кыргызстанда Азербайжан Республикасынын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Маданий иш-чаралар программасы: 21-апрель. Саат 15:00 – Азербайжан улуттук...