Дүйнө жүзүндө акыркы бир аптанын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышынын рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 19-октябрдан 25-октябрга чейин дүйнөдө 2 миллион 884 миң 604 адам вирус жуктурса, 39 миң 712 адам коронавирустан каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу оору жуктурган учур — 16 пайызга, өлүмдүн көрсөткүчү — 8 пайызга жогорулаган.
19-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 19-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын...