Октябрь айындагы окуялардан кийин Финполду жетектөөгө келген Сыймык Жапыкеев аралаш, тагыраагы президенттик-парламенттик башкаруу системасын колдорун журналисттерге айтты. «Парламенттикпи, президенттикпи, адилет болсо айырмасы жок. Бирок бизге аралаш болгону жакшы», — деди Жапыкеев.
“Чоң казат” партиясынын лидерлеринин бири 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтында өткөн нааразычылык акцияларын баштагандардын бири. Ошондой эле Жапыкеев социалдык тармактарда өлкөдөгү бир канча саясатчынын шектүү жолдор аркылуу байыганын айтып чыгып элдин оозуна алынган.
Садыр Жапаров акыркы он жылдагы аралаш башкаруу өлкөдөгү абалды ушул күнгө алып келгенин айтып, жоопкерчиликти президент алышы керектигин көп билдирип келет.










