Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев иш сапары менен Түркияга барды. Анда ал Түркиянын маданият жана туризм министри менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы ишке уруксат алууну жана визаны жоюуну сунуштады. Руслан Казакбаевдин айтымында, иш сапары учурунда Түркиянын бийлиги тышкы карызды төлөөнү кийинкиге жылдыруу боюнча колдоо көрсөткөн. Буга байланыштуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун атынан ыраазычылык айтылды.
Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды
Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...










