Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу өзү Кочкор районуна барган иш сапарында билдирди.
Жапаровдун айтымында, декабрь айынын башында өлкө башчынын милдетин аткаруучулукту тапшырып берип, талапкерлердин катарында шайлоого ат салышат.
24-октябрда БШК мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун күнүн эмдиги жылдын 10-январына белгилеген. Кечээ, 25-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына “2021-жылдын 10-январь күнү президенттик шайлоо болот. Кийин реформалар жүрөт. Андан соң парламенттик шайлоо болот” деген билдирүү жарыялаган болчу.