Буга чейин кош бийликти колго алган Садыр Жапаровдун кийген кемсели, күрмөсү, кымбат баалуу бренд кийимдери, алардын баасы 3 миң доллардан 6 миң долларга чейин турат деген кептер тарап, социалдык тармактын колдонуучулары салыштыруу үчүн сүрөттөрүн чыгарышкан болчу. Садыр Жапаровдун айтымында, ага дос, туугандары куттуктап, кийимдерди белекке берип жатышкан.
«Камчы досум бир куртка алып келип берди, анын деле баасын сураган жокмун. «Башыңызды куттуктаганыбыз болсун» деп достордон, туугандардан ар түрдүү кийимдер келди. Ошол эле кийимдерди кийип жүрөм. Баасын сурабайм, кызыкпайм дагы. Жарашса болду, кие берем. Өзүм базарга, дүкөнгө барып кийим албайм, келинчегим алып келип берет», — деди ал.
Жогорку Кеңешке “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциядагы макулдашылган долбоору киргизилет
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында кечээ, 5-сентябрда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев,...