Өкмөт башчы Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, Алмазбек Орозалиев бошотулуп, анын ордуна Октябрь Урмамбетов дайындалды. Министрликке дагы бир жаңы орун басар келди, ал – Эркебек Аширходжаев. Анын кайсы орун басардын кызматын ээлегени тууралуу расмий маалымат айтыла элек. Айрым кабарларга караганда, Памир Асанов Ички иштер министринин орун басарлыгынан бошотулган. Өз кезегинде Асановдун бул кызматка келүүсү анын Матраимовдордун кудасы экендиги менен коомчулукта сөз болгон. Тагыраагы Памир Асановдун уулу Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган эжесинин кызына үйлөнгөн.
Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын...










