Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлиги жактырылды. Жогорку Кеңеш бүгүн анын бул кызматка келишине макулдук берди. Солтонбекова соңку эки жылдан бери аталган мекемеде министрдин орун басары катары иштеп келген.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп келген Улукбек Кочкоров өзүнүн каалоосу менен жумуштан кеткенин интернет аркылуу билгенин айткан. Анын ордуна Аида Исмаилова сунушталып, бирок аны парламент жалпы жыйында бекитпей койгон эле. Депутаттар Исмаилованы пандемия күчөп турган маалда вице-премьерлик кызматын убактылуу токтотуп парламенттик шайлоого барганы үчүн катуу сындашкан болчу.
Жогорку Кеңешке “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциядагы макулдашылган долбоору киргизилет
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында кечээ, 5-сентябрда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев,...