Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков жана Эмил Токтошев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына эртеңки күнгө, 20-ноябрга суракка чакырылды.
Буга чейин депутаттар Жанар Акаев менен Мирлан Жээнчороев да суракка чакырылганы маалым болгон.
Алардын баары Бишкек шаарындагы 5-6-октябрь күндөрү орун алган окуяларга байланыштуу иш боюнча күбө катары суракка чакырылып жатышат.