“Манас” эл аралык аэропортунун жаңы жетекчиси Бактыбек Сыдыков 10 күндүн ичинде сол чөнтөккө кеткен акчаны бюджетке кайтарат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров ЭлТР телеканалына берген маегинде айтты.
Садыр Жапаров буга чейин да маектеринин биринде Бактыбек Сыдыковго “жаштар кызматка келиши керек, сиз кетиңиз” деп айтканын билдирген. Ага карабай Бактыбек Сыдыков журналисттерге “Менин дайындалышымды Бакиевдерге байлап коюшуптур, бирок алар менен менин эч кандай байланышым жок. Мен өкмөт башчыны буга ишендирдим” деген.
Бактыбек Сыдыковдун аэропортко жетекчи болуп калышы коомчулукта “Бакиевдин кадрлары кайрадан кызматта” деген нукта талкуу жараткан. Сыдыков 2007-2010-жылдары азыркы кызматты аркалаганы маалым. Белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун уулу Бактыбек Сыдыков парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер болгон.
Жогорку Кеңешке “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциядагы макулдашылган долбоору киргизилет
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында кечээ, 5-сентябрда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев,...