Айрым кадрдык өзгөрүүлөр “Бакиевдердин заманы келе жатабы?” деген өңдүү пикирлерди жаратып, коомчулуктун кескин сынына кабылып жатат. Мындан улам, бүгүн бир дайындоодон улам митинг болуп өттү.
Кечээ, 20-октябрда Бишкек шаарынын башчысы Азиз Суракматов отставкага кеткенин жарыялап, ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев калганын айткан. Өз учурунда Түлеев мэрияга чоочун адам эмес, ал 2008-2010-жылдары Курманбек Бакиевдин тушунда Бишкектин мэри болгон. Кийин 2013-жылы калаа башчысы болуп турган кездеги иштери боюнча 11 жылга соттолуп, 2016-жылы мунапыска ылайык эркиндикке чыккан. Бүгүн, 21-октябрда Нариман Түлеевдин Бишкек мэриясына кызматка келип калганына нааразы болгон жарандар “кетсин” деген ураан менен митингге чыгышты. Түлеев болсо аларга “Мен Садыр Жапаровго жолугуп келейин. Ал кет десе кетем, кал десе калам. Мага убакыт бергиле” деди.
Дагы бир дайындоо “бакиевчи кадр” деген таризде талкууга түштү. Ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган Бектур Зулпиев. Өз учурунда Зулпиев Курманбек Бакиевдин юристи болгону көпчүлүктүн эсинде, тагыраагы ал 2005-жылы президенттик администрациянын укуктук саясат бөлүмүн жетектөөгө келип, 2009-жылы президенттик аппараттын юридикалык кызматын башкарган.
“Манас” эл аралык аэропортуна Бактыбек Сыдыковдун жетекчи болуп барышы да узун кептерге жем таштады. Ал да бул кызматтагы жаңы адам эмес. Тагыраагы 2007-2010-жылдары аэропортту башкарып турганы маалым. Белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун уулу Бактыбек Сыдыков 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер болгон.