Австриянын борбору Вена шаарында орун алган чабуулга шектелип дагы 14 адам кармалды. Шектүүлөр кандай жагдайда кармалганы жөнүндө кеңири маалымат бериле элек. Полиция кылмышкерлерди издөө дагы да уланып жаткандыктан калаа тургундарын көчөгө чыкпоого чакырды.
Айта кетсек, 2-ноябрда кечке жуук бир канча куралчан адам Австриянын борбору Вена шаарынын алты бөлүгүндө ок атып, бир нече ресторанга кол салышкан. Натыйжада 4 адам каза болуп, 17 адам түрдүү жаракат алган. Алардын арасында 7 полиция кызматкери бар. Кол салгандардын бири өлтүрүлүп, калганы качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Австриянын канцлери Себастьян Курц бул окуяны теракт деп баалаган.
Акжол Махмудов Кыргызстандын жаш футболчулары менен жолукту (сүрөт)
Кыргызстандын жаштар курама командасы Париж Олимпиадасынын коло медалынын ээси, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын 3 жолку...