Саналуу мүнөттөрдө Бишкекте катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
«Саат 11:30 чамасында жана күндүз Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт. Анда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Сак болуңуздар!» — деп жазылат маалыматта.