9-ноябрга караган түнү Бишкектеги “Орто-Сай” базарында чоң өрт чыкты. Күйүү аянты жана өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз. Күбөлөрдүн айтымында, соода павильондору өрттөнүп кеткен.
Кырсык катталган жерде 5 өрт өчүрүү тобу иш алып барып, өчүрүүнү Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов көзөмөлдөдү. Өрт түнкү саат 2 чамасында чектөөгө алынган. Өрт өчүргүчтөр жалындын жайылышына жол беришкен жок. Кырсыктын кесепетин жоюу иштери улантылууда. Ошондой эле жабыркагандар жөнүндө маалымат жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кийинчерээк кенен маалымат берерин билдиришти.