Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу, 19 жаштагы футболчу Гүлжигит Алыкулов «Кайрат» клубу менен мөөнөтүнөн мурда Казакстандын чемпиону болду.
Тактап айтканда, 3-ноябрда футбол боюнча Казакстан чемпиондугунун 17-турунун алкагында «Кайрат» командасы өз үйүндө «Окжетпес” командасын кабыл алып, 3:1 эсебинде жеңип алды. Гүлжигит Алыкулов оюндун экинчи бөлүгүндө алмашууга чыкты. Бул көрсөткүч менен «Кайрат» клубу жалпы 44 упай топтоп, экинчи орунда келе жаткан «Астана» командасынан 17 упай ашып кетти. Калган беттештердин жыйынтыгына карабастан «Кайрат» клубу 2020-жылдагы Казакстандын чемпиону болду.
14-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 14-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын...