Бишкек мэринин милдетин аткаруучусу Балбак Түлөбаев үч орун басарлуу болду. Биринчи вице-мэрликтен Нариман Түлеев бошотулуп, анын ордуна Алмаз Бакетаев дайындалды. Бакетаев мурдатан эле ушул кызматты аркалап келе жаткан болчу. Социалдык маселелер боюнча вице-мэрликтен Виктория Мозгачева бошотулуп, анын ордуна Айжан Чыныбаева дайындалды. Чыныбаева парламенттик шайлоодо “Бир бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Дагы бир вице-мэр турак-жай коммуналдык чарба маселелери боюнча Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Ал буга чейин шаардык кеңеште депутат болгон.
Садыр Жапаров мектепке кар кечип бараткан видеосу тараган окуучуга өзүнүн телефонун белек кылды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы Айдын-Көл башталгыч мектебинин төртүнчү классынын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл...











