Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери айлык алышкан жок. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешов Telegram-каналына жазып чыкты. Анын айтымында, аппаратта иштеген кызматкерлер да айлык акысыз калышкан. Ал муну мамлекеттик казынадагы дефицит менен байланыштырган.
“Каражат табылат деп ишенем. Макул, депутаттар айлык албай эле коюшсун, бирок катардагы кызматкерлерге акы төлөнсө болмок”, — деген ал.
Ал эми Жогорку Кеңештин аппараты айлыктын кечигүүсү боюнча эч кандай маалымат тараткан эмес.
Акжол Махмудов Кыргызстандын жаш футболчулары менен жолукту (сүрөт)
Кыргызстандын жаштар курама командасы Париж Олимпиадасынын коло медалынын ээси, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын 3 жолку...