Ош облусунда 16 жаштагы кош бойлуу кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады. Маалым болгондой, 25-августта кыз үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес, 16-сентябрда анын денеси Кара-Суу районундагы суу сактагычтан табылган. Экспертизанын жыйынтыгында өз өмүрүнө кол салган кыздын кош бойлуу экендиги аныкталган. Ал Кара-Кулжа районунун жашоочусу болуп, соңку убакытта Ош шаарында жашап жаткан. Ал эми апасы Орусияда эмгек мигранты болуп иштеп жүргөн. Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү иш аракеттер жүрүүдө.
16-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 16-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Таласта жаан-чачын...