Дагы бир саясатчы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесине кирүү боюнча маселени ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүп, чечкенин билдирди. Мындай маалыматты учурда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө маек берип жатып айтты. Депутат тизмедеги орду жакпай калганынан улам парламенттик шайлоого катышпай эле коюу чечимине келгенин айтат. Маекти толугу менен жакынкы сааттарда көрө аласыздар.
«Матраимовдун келерин билип туруп эле барган эмесмин» | Нуржигит Кадырбеков #Саясий_коктейль
Ташиевдин Жогорку Кеңешти "тазалоо" тууралуу пикирине карата позициясы, АКШдагы сапарда Тилекмат Куренов менен түшкөн сүрөттүн төркүнү, эң көп ишеним артылган...