Йемендин Аден шаарындагы аэропортто Сауд Арабиядан жаңы өкмөттүн мүчөлөрү учуп келиши менен биргеликте эле минометтун үч огу жарылды. Алар 26-декабрда Сауд Арабияда ант берүүдөн кийин кайтып келе жатышкан. Чабуулдар аткаминерлердин көзүн тазалоого багытталганы айтылууда. Андан 20дан ашуун адам каза болгону жана бул сан көбөйүшү мүмкүндүгү маалымдалууда. Өкмөт мүчөлөрүнөн эч ким жабыркаган жок, анткени жарылуу учурунда алар учактын ичинде, тагыраагы, жарылган жерден алыс жерде болушкан. Министрлер дыкат коргоо менен президенттик ак сарайга жеткирилген.
Бишимбаевдин сотунан кийин сот, адвокат жана прокурор болууну каалагандар көбөйдү
Мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин резонанстуу соту өлкөдөгү сот системасына болгон көз карашты өзгөрттү. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазды. Маалыматка...