Грек-рим күрөшү боюнча Сербияда өтүп жаткан Дүйнөлүк Кубокто балбан
Жоламан Шаршенбеков алтын алды. Анда
Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында күрөштү.
Башкы беттеште спортчу Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси, 2019-жылы Европанын чемпиону болгон орусиялык Степан Марянянды жеңип алды. Кыргыз балбаны адегенде 4:0 эсебинде утулуп, бирок экинчи бөлүктө аны теңдөөгө жетишти. Беттеш 4:4 эсеби менен аяктап, Шаршенбеков акыркы эффективдүү аракеттерди жасагандыгына байланыштуу Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү деп жарыяланды.