Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс болуп өттү. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди.
Соттук отурумда Атамбаев өзүн абакта калтырып, тарапташтарын бошотууну суранды. «Чындык эртели кеч жеңет. Кой-Таш окуясы боюнча да, Батукаев иши боюнча да, чындыкка мен дагы кызыкдармын. Үсөнбек Ниязовду ким өлтүргөнү ачыкка чыгат. Ошол эле качып кеткен Опумбаев, Жунушалиевдин сөздөрү чыгат.
Сотторго бир суранычым бар — мени абакта калтыргыла, ансыз деле мага 11 жыл бергенсиңер, бирок мага каршы бир да көрсөтмө жок. Мен отура берем. Жанымдагы Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязовду коё берип койгула. Балдар мени сатпаганы үчүн отурушат. Мен баарына чыдайм. Үй камагындагылар үй камагында калышсын. Камакка алынгандар бошотулсун», — деди мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.