25-январга карата коронавирус жуктурган 71 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 33, Чүй облусунда – 27, Ысык-Көлдө – 3, Ош облусунда – 2, Нарында – 2, Жалал-Абадда – 1, Баткенде — 1 жана Ош шаарында – 2 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде 1 киши илдеттен каза болду, өлүм Бишкек шаарында катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 83 миң 971 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 401 адам өмүрү менен кош айтышты.