Шейшемби, 03.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Талант Мамытов менен Артем Новиков азык-түлүктүн баасын арзандатуу боюнча баш катырышты

15:43 17.11.2020
0
Талант Мамытов менен Артем Новиков азык-түлүктүн баасын арзандатуу боюнча баш катырышты

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 17-ноябрда өлкө премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен жолугушту. Анда өкмөт тарабынан өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу бүгүнкү күндө президенттик шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү, ошондой эле бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүү биринчи кезектеги маселелердин бири экенин белгиледи.

Талант Мамытов учурдагы кырдаалда макроэкономикалык туруктуулукту, азык-түлүк коопсуздугун жана өлкөдө ишкерлердин активдештүүсүнө түрткү берүүчү чараларды камсыз кылууга биринчи кезекте көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

Ошону менен катар республика аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жана андан улам экономикалык кесепеттерди минималдаштыруу боюнча өкмөттүн кризиске каршы планын ишке ашыруу чаралары талкууланды.

Артем Новиков бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана социалдык милдеттенмелерди каржылоо тууралуу маалымат берди. Ал бюджеттин бардык корголгон беренелери каржылана турганын жана өкмөт бардык социалдык кепилдиктерди аткарарын белгиледи.

Ошондой эле ата мекендик бизнес тармагын колдоо боюнча ишкерлерге кыска мөөнөттүү иш-чаралар планы иштелип чыккан, ага административдик жүктү азайтуу, фискалдык жана укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөргө мораторий киргизүү боюнча сунуштар киргизилген.

Артем Новиков азык-түлүктүн баасын төмөндөтүү чаралары туурасында, алардын айрымдарына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жана социалдык маанилүү товарларды сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу боюнча токтомдордун долбоорлору даярдалып жатканын билдирди. Ошондой эле алардын зарыл болгон корун түзүү үчүн импорттоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Азык-түлүктүн беш түрүнүн кору ашыкчасы менен бар. Баалардын жогорулашына жол бербөө үчүн ири сатуучулар менен социалдык маанидеги товарларга жеткиликтүүлүк механизми иштелип жатат», — деп баса белгиледи Артем Новиков, өлкөдө азык-түлүк менен камсыздоо эч кандай үзгүлтүккө учурабай турганын айтып жатып.

Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу жана анын терс таасирин азайтуу боюнча чаралар кабыл алынып жатканын, зарыл болгон дары-дармектердин жана жабдуулардын үч айлык кору түзүлгөнүн кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Талант Мамытов Артем Новиковдун астында президенттик шайлоого чейин мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чоң жоопкерчилик турганын дагы бир ирет өзгөчө белгиледи.


БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
SuperTV

SuperTV

Окшош

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:52 03.02.2026
0

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик «Унаа» мекемесинде жарандар менен жолугушуу учурунда элдин суроолоруна жооп берип жатып, мамлекет башчы Жогорку Кеңештин депутаттарына...

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек»

Автор Айзада Тураркулова
11:41 28.01.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду. "Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары...

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Автор Айзада Тураркулова
10:13 28.01.2026
0

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун президенттин кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчысынын буга чейин эч жерде...

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Эрмек Бекболотов — «Эмне үчүн»

Эрмек Бекболотов - "Эмне үчүн"

21:00 14.12.2020
Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”

Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”

12:33 15.12.2020
«КүнАй» ансамбли — «Мына минтип»

"КүнАй" ансамбли - "Мына минтип"

10:10 24.04.2020
Эрмек Бекболотов — «Эмне үчүн»

Эрмек Бекболотов - "Эмне үчүн"

1
Эрмек Бекболотов – “Сүйөмүн”

Эрмек Бекболотов – “Сүйөмүн”

11:07 17.12.2020
Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”

Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”

12:33 15.12.2020
Эрмек Бекболотов — «Эмне үчүн»

Эрмек Бекболотов - "Эмне үчүн"

21:00 14.12.2020

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү