Ишемби, 21.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Азыркы Конституция 2010-жылдагыдай бир кишинин же бир топтун пайдасына жазылган эмес»

16:55 19.11.2020
0
Садыр Жапаров: «Азыркы Конституция 2010-жылдагыдай бир кишинин же бир топтун пайдасына жазылган эмес»
Премьер-министрлик ыйгарым укуктарын токтотуп турган жана президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн Садыр Жапаров коомчулукта кызуу талкууланып жаткан Конституциянын жаңы долбоору боюнча өз кайрылуусун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Урматтуу кыргыз элим!

Мамлекетибиздин жана мамлекеттүүлүгүбүздүн тагдырын чечүүчү учур келип жетти.
“Биз мамлекетибизди өнүктүрүп, алдыга жылабызбы же биротоло жок болобузбу? Келечегибиз барбы, урпактарыбызга эмне калтырабыз?” – деген жалпы коомчулуктун көйгөйлүү талаптарына жооп бере турган убакыт келди деп эсептейм.
Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституциясында жана андан кийин өзгөртүү, толуктоолору менен кабыл алынган Конституциялардын редакцияларында Конституция, Конституциянын жаңы редакциясы, ошондой эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү референдум (бүткүл элдик добуш берүү) аркылуу кабыл алынат деп так жазылган эле.
Ошону менен өлкө эгемендигинин ээси болгон жалпы кыргыз элине мамлекеттик маанидеги олуттуу маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгү берилген.
Бирок 2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын же бир кишинин пайдасы үчүн элдин аталган укуктарын чектеп койгон.
Тактап айтканда, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 114-беренесинде Конституцияга өзгөртүү киргизүү гана мүмкүнчүлүгү каралып, ошол эле убакытта толуктоолорду киргизүүгө же жаңы редакцияны кабыл алууга бөгөт коюлуп калган.
Муну менен Кыргызстандын өз алдынча эгемендүү мамлекет катары калыптанып, андан ары өнүгүп-өсүшүнө тоскоолдук жаралып калган.
Буга акыркы 10 жылдагы жашоо-турмушубуз далил болду. Кыргызстанды шоопурлар, жан сакчылар жана ушул сыяктуу бир ууч адамдар башкарып келди. Алардын кесепетинен кечээ жакындагы элдик толкундоолор келип чыккандыгы жалпыга маалым.
Ал эми элдин талабы эмнеде? Албетте, экономиканы көтөрүү, элдин социалдык муктаждыгын жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу жана ошондой эле башка орчундуу маселелерди чечүү.
Жалпы кыргызстандыктардын талаптарын аткаруу үчүн жаңы Конституцияны кабыл алуунун зарылчылыгы келип чыкты. Анткени 2010-жылда кабыл алынган Конституция менен биз мындан ары жашай албай турганыбызды жогоруда айтылган он жылдык турмуштук тажрыйбабыз даана көрсөттү.
Бүткүл элдик добуш берүү менен жаңы Конституцияны кабыл алуу укугун элге кайтарып берүү бул артка чегинүү же Акаевдин, Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүү эмес. Тескерисинче, мамлекеттин түзүлүшү жана мамлекеттик маанидеги башка орчундуу маселелерди чечүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн элге кайтарып берүү катары эсептөө керек.
Мындан жыйырма эле күн мурда жаңыланууга каршы болгондор “кокуй эле кокуй, жабык эшик артында Баш мыйзамды даярдап, элдин талкуусуна алып чыкпастан, кабыл алганы жатышат” деп, кыйкырып чыгышты эле. Эми Баш мыйзамдын долбоорун элдин талкуусуна алып чыкса, буга дагы каршы болуп, “мыйзам бузуулар болуп жатат” деп элибиздин башын айлантып, бут тосуп жатышат.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Эгерде жаңыланууну жана келечекте өнүккөн кыргыз мамлекетинде жашоону кааласак, анда биз анык реформаларга барышыбыз керек.
Ошондуктан кыргызстандыктар, жалпыңыздарды Конституциянын жаңы долборун талкуулоого активдүү катышууга чакырам.
“Талаштан тактык жаралат” демекчи, талкуу ачык-айкын жүргүзүлөт. Сунушуңарды бериңиздер, баардыгы эске алынат.
Азыркы элдин талкуусуна коюлуп жаткан Конституция 2010-жылдагыдай кылып, бир кишинин же бир топтун пайдасына жазылып жаткан жери жок.
Өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, кыйкырып чыгып жаткандардын жүзү курусун. Алардын 30 жылдан бери бузукулук кылып жүргөн чыныгы жүзүн ача турган убакыт келди.
Урматтуу мекендештер, Кыргызстаныбыздын келечеги сиздердин колуңуздарда экенин дагы бир ирет белгилеп кетким келет!» — деп жазылат кайрылууда.

Жогорку Кеңештин 80 депутаты Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду дайындоо  тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп чыгышкан. Документ кечээ, 17-ноябрдан тартып парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду. Бирок демилгелеп чыккан депутаттардын айрымдары мыйзам долбоорун окубай эле кол коюп бергенин же туура эмес түшүнүп алып кол коюшканын айтышууда.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
SuperTV

SuperTV

Окшош

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:11 19.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын...

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:01 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сүйналиев Руслан Мырзабекович мурда жүктөлгөн...

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:44 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:47 18.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары шайланып, тиешелүү токтом кабыл алынды. Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагалыгына...

Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 18.03.2026
0

Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Алмаз Бакетаевди Улуттук...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Эрмек Бекболотов — «Эмне үчүн»

Эрмек Бекболотов - "Эмне үчүн"

21:00 14.12.2020
Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”

Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”

12:33 15.12.2020
«КүнАй» ансамбли — «Мына минтип»

"КүнАй" ансамбли - "Мына минтип"

10:10 24.04.2020
Эрмек Бекболотов — «Эмне үчүн»

Эрмек Бекболотов - "Эмне үчүн"

1
Эрмек Бекболотов – “Сүйөмүн”

Эрмек Бекболотов – “Сүйөмүн”

11:07 17.12.2020
Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”

Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”

12:33 15.12.2020
Эрмек Бекболотов — «Эмне үчүн»

Эрмек Бекболотов - "Эмне үчүн"

21:00 14.12.2020

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү