“Реформа” партиясынын катарынан анын 8 мүчөсү чыгып кетти. Алардын арасында саясий кеңештин мүчөлөрү жана төрайымдын орун басарлары Урмат Жаныбаев жана Азият Жекшеев бар. Чыгып кеткендердин арызында мындай кадамга барууга партиянын лидери Клара Сооронкулова менен партиянын мындан ары өнүгүүсүндөгү көз-караштар башка-башка болуп калганы себеп болууда дешет.
Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды
Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...










