Шейшемби, 23.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президенттин милдетин аткаруучу дагы алмашты. Таанышып коюңуз – Талант Мамытов

23:31 14.11.2020
0
Президенттин милдетин аткаруучу дагы алмашты. Таанышып коюңуз – Талант Мамытов

Садыр Жапаров президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөндүгүнө жана президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укугун өткөрүп бергендигине байланыштуу, Конституцияга ылайык, өлкө президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укугу Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытовго өттү.

Төмөндө Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытовдун кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү үчүн, документтерин тапшырды.

Ошондуктан ал президенттин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде өткөрүп берип, ошондой эле премьер-министр ыйгарым укуктарын токтотуп, катардагы жаран катары шайлоого катышарын билдирди.

Ушуга байланыштуу бүгүндөн тартып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесине ылайык, жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын аткаруу милдети Жогорку Кеңештин төрагасы катары мага жүктөлдү.

Урматтуу мекендештер!

Көп сыноолордо такшалган, эркиндикти, адилеттүүлүктү туу туткан элибиз 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийинки курч саясий кризистен ыкчам жана тынч жол менен чыгып, биримдигибиз бекемделди.

Азыр Кыргызстанда саясий жана социалдык туруктуулук орноду. Укук коргоо органдары, соттор, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары штаттык режимде иштеп жатышат.

Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган чечкиндүү кадамдар жасалууда.

Чакан жана орто бизнести коргоо, өнүктүрүү иштери колго алынды.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Кыргызстан жакынкы жана алыскы өлкөлөр менен өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө даяр, ошол эле учурда бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер жана макулдашуулар толугу менен  аткарылууда.

Элдин талабын аткаруу максатында конституциялык реформалар даярдалууда.  Эң башкы милдет — 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоону ачык жана мыйзам чегинде өткөрүү. Бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүү менен элдин эркин тандоосун камсыз кылуу.

Ошондуктан өлкө башчысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып, эл алдындагы, мамлекет алдындагы жеке жоопкерчилигимди сезип жатам.

Конституциялык укуктарымдын алкагында президенттин милдетин аткаруучу катары элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн бардык аракетимди жасайм.

Менин аракеттеримди өлкөнүн акыл-эстуу жарандары толугу менен колдойт деп ишенем.

Ар бирибиз сырттан карап турбай, кыйынчылыктан чогуу чыгалы.

Өз миссиябызды аткарып, эл алдында жүзүбүз жарык, алгылыктуу иш алып барабыз деп ишенем.

Мындан ары да бекем ынтымакты, ширелген биримдикти, нукура тилектештикти көрсөтөлү.

Жоопкерчилик — ар бирибизде.

Кудай буйруса, коомчулуктун колдоосу менен, ынтымак жана тынчтыктын негизинде бардык кыйынчылыктарды жеңебиз.

Мен сиздерге ишенем, урматтуу мекендештерим.

Журтубузга ак ниет кызмат кылуу, мекенибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин эркиндигин, жерибиздин бүтүндүгүн сактоо — ар бирибиздин ыйык парзыбыз.

Элибизде аманчылык, жерибизде тынчтык болсун!».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
SuperTV

SuperTV

Окшош

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:22 21.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:39 20.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өлкөнүн премьери Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Саясий,...

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Автор Эдита Ильясова
14:55 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында беш депутаттык топ түзүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү менен шайланды. Нурланбек Тургунбек уулунун...

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Автор Эдита Ильясова
10:06 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген 87 депутатынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жыйынга президент Садыр Жапаров келди. Жыйынды депутат...

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Автор Эдита Ильясова
09:46 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттарынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жергиликтүү ЖМКлар депутаттар 5 депутаттык топко бөлүнгөнүн жазышты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Эрмек Бекболотов — «Эмне үчүн»

Эрмек Бекболотов - "Эмне үчүн"

21:00 14.12.2020
Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”

Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”

12:33 15.12.2020
«КүнАй» ансамбли — «Мына минтип»

"КүнАй" ансамбли - "Мына минтип"

10:10 24.04.2020
Эрмек Бекболотов — «Эмне үчүн»

Эрмек Бекболотов - "Эмне үчүн"

1
Эрмек Бекболотов – “Сүйөмүн”

Эрмек Бекболотов – “Сүйөмүн”

11:07 17.12.2020
Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”

Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”

12:33 15.12.2020
Эрмек Бекболотов — «Эмне үчүн»

Эрмек Бекболотов - "Эмне үчүн"

21:00 14.12.2020

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү