Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоого катышаары жөнүндө БШКга билдирүү тапшырды. Ошентип, биринчи аял талапкер чыкты. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары барат.
Буга чейин президенттик шайлоого катышуу тууралуу билдирүүлөрдү БШКга «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, «Кыш болбойт» аттуу белгилүү мемдин автору Арстан Алай, экономист Кубан Чороев, активист Назарбек Нышанов, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, саясат таануучу Бакыт Бакетаев, экс-спикер Канат Исаев, пенсионер Абдыкаар Сыдыков, «Улутман» партиясынын лидери Сазыкбай Турдумалиев, активист Нурлан Мотуев, «ОшГаз» филиалынын мурдагы башчысы Рашид Тагаев жана «Толубай» ЖАКтын директорлор кеңешинин кеңешчиси Жеңишбек Байгуттиев берген.
Президенттикке талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 14-ноябрь менен кошо аягына чыгат.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.










