Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын берип жатат.
«Баткен, Ош, Жалал-Абадды кыдырып келдим. Барганымдын себеби — ушул башаламандыктан пайдаланып, улуттар аралык жаңжалды чыгарып жиберүүчү күчтөр пайда болду. Андан тышкары чек арада жаңжал чыгарабыз деген күчтөр да пайда болду. Бул коронавирус илдетинен да коркунучтуу нерсе. Эгерде улуттар аралык жаңжал чыгып кетсе, анда коронавирус илдети бул жакта эле калып калат. Мен профилактикалык максатта эл менен көзмө-көз жолугуп келдим. Диаспоралар менен жабык эшик артында көрүшүп сүйлөштүк», — деди Садыр Жапаров.
Анын айтымында, 2010-жылы бийликтегилер абалды көзөмөлдөн чыгарып жиберишкен, ал жакка эч ким барган эмес. «Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кат жөнөтүп турушкан. «Эртең же бүрсүгүнү болуп кеткени жатат» дегенине алар үйлөрүндө тымпыйып уктап жатып алышкан. Мен антип жатып алгым келген жок. Жолугушуп, андайга барбагыла, эки элге жакшылык алып келбейт деп макулдашып келдик. «Бул күндөр да өтөт, чыдагыла» деп башчылары менен, диаспоралар менен көзмө-көз жолугушуп келдик», — деди Жапаров.
Ал өлкөнүн түштүк аймагына бир гана жогорудагы максатта барып келгенин айтты. Бирок ал өтө кооптуу иштин артында турган күчтөр кимдер экенин айткан жок.










