Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кызынын Кыз узатуу тою өткөн ресторанга айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын алдындагы санитардык-экологиялык инспекциядан кабарлашты. Маалым болгондой, той өткөн ресторанга 3 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынган.
Айта кетсек, 25-октябрда саясатчы Өмүрбек Текебаев тун кызы Ай-Данэкти турмушка узаткан. Маалыматты тастыктаган сүрөт жана видеолорду социалдык тармактын колдонуучулары өз баракчаларына жүктөшкөн.
Акжол Махмудов Кыргызстандын жаш футболчулары менен жолукту (сүрөт)
Кыргызстандын жаштар курама командасы Париж Олимпиадасынын коло медалынын ээси, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын 3 жолку...