Өлкөдө өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны өсүп жатат. ИИМдин өкүлү Нуржан Адылованын айтымында, 2019-жылга салыштырмалуу өспүрүмдөрдүн суицидге баруусу 50 пайызга жогорулаган.
“Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында өсүү катталууда. Жанын кыйгандардын 70 пайызы окуучулар. Ар бир факты боюнча териштирүү жүргүзөбүз. Негизи себеби – бул ата-энелер менен уруша кетүү. Ошондой эле атасы же апасы менен жашаган, мигранттардын балдары да ушул кадамга көп барышат”, — дейт ИИМдин өкүлү.