Венадагы атышуудадан жабыр тарткандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалым болгондой, 2-ноябрда кечке жуук бир канча куралчан адам Австриянын борбору Вена шаарынын алты бөлүгүндө ок атып, бир нече ресторанга кол салышкан. Натыйжада 4 адам каза болуп, 17 адам түрдүү жаракат алган. Алардын арасында 7 полиция кызматкери бар. Кол салгандардын бири өлтүрүлүп, калганы качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Австриянын канцлери Себастьян Курц бул окуяны теракт деп баалады.
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт
Эртең, 29-июлда саат 10:00дөн 20:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы...