Кош бийликти колго алган Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова коронавирус илдети менен күрөшкөн ыктыярчыларга жардам берет. Бул тууралуу ал жарандык активисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Айгүл Жапарова ыктыярчылар менен COVID-19 илдети жана андагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору тууралуу талкуулаган. Ага катышкан ыктыярчылардын айтымында, жакынкы күндөрү 80 орундуу стационар ачылат. Ал жакка коронавирус же пневмонияга кабылып, ооруканалардан орун жетпей калган жарандар жаткырылат. Айгүл айым стационарда бардык шарттар түзүлөрүн жана ИВЛ аппараттары коюларын убадалаган.
Белгилүү болгондой, ыктыярчылар менен жолугушуу жана аларга көмөктөшүү демилгесин Айгүл Жапарова өзү көтөргөн.
Баткендин тургуну кулпунай өстүрүп, 1 килограммын 2 миң сомдон сатат
Баткен облусунун Миң-Чынар айылынын тургуну, 31 жаштагы дыйкан Кубаныч Барат уулу акыркы төрт жылдан бери кулпунай өстүрүү менен алектенип, туруктуу...










