Көк бөрүчү Манас Ниязов “Достук” командасынан кетти. Бул тууралуу SUPER TV`га Ниязов өзү тастыктады. Ал учурда жүрүп жаткан Кыргыз өлкөсүнүн Президенттик кубогуна карата арналган турнирде быйыл жаңы түзүлгөн “Ала-Тоо” командасынын курамында Биринчи Лигада ойнойт. Команданын тараткан маалыматына ылайык, Ниязов анда 10-номерде Шторм аргымагы менен оюн көрсөтөт. Турнирдин алдында ташталган чүчүкулактын негизинде, “Ала-Тоо” командасы “Жети-Өгүз” жана “Төш Булак” командалары менен А тайпасына түштү. 27 жаштагы чабуулчу Кыргыз улуттук курама командасында бир нече ирет өлкө намысын коргоп, “Достук” командасы менен бир нече ирет Өлкө чемпиону болуп, “мыкты оюнчу” аталган.
ИИМ Айт намаз учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады
Кыргыз Республикасында майрамдык Айт намаз болуп, миңдеген адамдар намаз окууга чогулду. Коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашуун ички иштер...










