Жогорку окуу жайлар, мектептер, бала бакчалар, кинотеатрлар, кафе-ресторандар… Мындан ары, тагыраагы 1-декабрдан тарта экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүн жандандыруу маселесин жергиликтүү бийлик органдары чечүү укугуна ээ болушат. Ал үчүн тийиштүү аймактарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо талап кылынат. Бул туурасында вице-премьер Эльвира Сурабалдиева бүгүн республикалык штабдын кеңешмесинде билдирди.
«Мында беткап тагынуу режими, социалдык обочолонуу жана башка санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сөзсүз түрдө сакталышы керек. Тармактык мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү алгоритмдер иштелип чыгат. Республикалык штаб COVID-19 боюнча аймактардагы абалды көзөмөлгө алат», — деди вице-премьер-министр.
Сурабалдиева ошондой эле алдыдагы жаңы жылдык майрамдарда жамааттык иш-чараларга чектөө киргизүү, же андан толук түрдө баш тартуу маселесин иликтеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Соцтармактагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев пробация менен бошотулду
Жарандык активист, дизайнер Эрнис Жээнтаев Бишкек шаардык сотунун өкүмүнө ылайык 4 жылдык пробация менен сот залынан бошотулду. Бул тууралуу жарандык...









