Тойканаларды жабуудан майнап чыкпайт, анткени аларды рейддерде ансыз деле айып пулга жыгып жатышат. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева республикалык штабдын жыйынында кечээ, 10-ноябрда билдирди.
Вице-премьердин айтымында, коронавирус илдетин жуктуруп алган бейтаптарды дарылоого медициналык кызматкерлердин саны тартыш болуп жатат. “Керек болсо, 10 оорукана курсак деле баары бир ак халатчандар жетишсиз. Шаарды карантинге жаап, баарын үйгө отургузуп, тыюу салып деле коё алабыз. Бирок ар бир жаранга жардам берүүгө мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жок экенин да түшүнүшүбүз керек”, — деди Сурабалдиева.









